Site icon Reporter.kg

Чек арачылар жасалма орус паспорту менен жүргөн жаранды кармашты

Кыргызстандын чек арачылары 18-январда Орусиянын жасалма паспорту менен жүргөн жаранды кармады. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлайт.

Маалыматка караганда, “Кайыңды-темиржол” көзөмөл-өткөрүү жайынын чек ара кезмети Бишкек — Самара каттамындагы поезддин жүргүнчүлөрүн паспорттук көзөмөлдөн өткөрүү учурунда толугу менен жасалма белгилери бар Орусиянын чет элдик паспортун көрсөткөн жаранды аныктаган.

Тиешелүү документтер толтурулган соң, андан ары териштирүү иштери жүргүзүлүшү үчүн кармалган жаран компетенттүү органдардын аймактык тарамынын кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version