Site icon Reporter.kg

Коңшу өлкөлөргө өтүп кеткен 32 баш мал ээлерине кайтарылды — видео

Баткенде Тажикстанга өтүп кеткен 16 баш мал ээсине кайтарылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,  2023-жылдын 1-9-январь күндөрү Баткен районунун Ганжак аймагында 1996-жылы туулган Н.А аттуу жарандын 16 баш майда малы Тажикстандын аймагына өтүп кеткен.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында майда мал дароо ээсине кайтарылды.

Мындан тышкары, чек аранын башка тилкесинде — Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жийде-Бел тилкесинде Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары өзбекстандык кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин Сары-Кашка айылынын 1978-жылы туулган С.М.К. аттуу тургунунун Өзбекстанга өтүп кеткен 16 баш жылкысы кайтарылды.

Чек ара кызматы чек арага байланыштуу суроолор жаралган учурда жарандар жакынкы чек ара бөлүгүнө кайрылуусу керектигин эскертет.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version