Бүгүн Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында тарыхый окуя болду. Өлкө эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу бул аймакта УКМКнын Чек ара кызматкерлери үчүн эки көп кабаттуу турак үй курулуп, 51 үй-бүлө ачкычтарын алышты.
Жаңы үйлөрдүн короосунда балдар аянтчасы жана волейбол талаасы бар. Чек араны кайтаргандар үчүн бардык шарттар түзүлдү.
Камчыбек Ташиев ачкычтарды өзү тапшырып жатып:
«Аскерлерге шарт түзүү — биздин артыкчылыктуу максат. 1-июлдан тартып офицерлердин маянасы 20 миң сомго жогорулады, октябрда башка категориядагы аскерлердин да айлыгы көбөйөт», — деп билдирди.