Site icon Reporter.kg

Чек арачылардын маянасы көтөрүлөт

Чек арачылардын маянасы көтөрүлөт.  Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 11-сентябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшыруу учурунда билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусунда жайгашкан аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатуу пландалып жатат.

«Буюрса, келечекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын бардык жеке курамдарынын маянасын көтөрөбүз», — деди президент.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version