Site icon Reporter.kg

Чек арада курман болгондордун саны 63 адамга жетти

Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунун кесепетинен каза болгондордун жалпы саны 63 адамга жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 28-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, каза болгондордун 50сү аскер кызматкери, 13ү жай жаран экени айтылды.

Буга чейин көз жумгандардын саны 62 адамды түзгөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдаган.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

Бүгүнкү күнү чек арадагы абал тынч бойдон сакталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version