Site icon Reporter.kg

Баткенде чек арада окко учкан Бекзод Юлдашев атындагы класс ачылды

Баткен облусунун Лейлек районундагы Юрий Гагарин атындагы орто мектебинде чек арачы Бекзодбек Юлдашев атындагы класс ачылды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага Лейлек районунун имамынын орун басары Абдилашим Ормонов, райондук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Лейлек районунун аскер кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана мектеп жамааты катышты.

Классты ачуу аземинде Абдилашим Ормонов төмөнкүлөргө токтолду: “Мекенди сүйүү ыймандан” деп айткан. Бекзодбек өз мекенин сүйгөн жоокер эле. Ал өз милдетин так аткаруу учурунда каза болгон. Ушундай чек арачыларыбыз менен биз ар дайым сыймыктанабыз”, — деди.

Бекзодбек Юлдашев 1990-жылы 11-майда Исфана шаарында туулган. 1996-жылы Ю.Гагарин орто мектебине 1-класска кирген. 2004-жылы 8-классты аяктап, Бишкек  шаарындагы Советтер Союзунун баатыры Дайыр Исмадияров атындагы кыргыз улуттук аскер лицейине тапшырган. 2007- жылы окууну ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы Ош шаарындагы №36-806 аскер бөлүгүндө атуулдук милдетин өтөп келген.

Ал 2021-жылы 29-апрелинде №2022 аскер бөлүгүндө майор Б.Раимбеков атындагы «Капчыгай» чек ара бекетинин «Ак-Сай» чек ара постунун 0,7 гектар жергилигинде Тажикстан менен чектешкен чек арасында (шарттуу чек ара тилкеде) кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда күжүрмөн техникалары менен куралдуу атышууда өзүнүн мекен алдындагы милдетин так аткарып жатып курман болгон.

Мекен чегин коргоп жатып окко учкан Бекзодбек Юлдашевдин артында 2 уул, 1 кызы калды. Бекзодбек Юлдашевке президенттин жарлыгына ылайык «Эрдик» медалы ыйгарылган (курман болгондон кийин).

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган.

УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Эки өлкөнүн УКМК башчылары, президенттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирген.

Куралдуу кагылыштын айынан Кыргызстан тараптан 63 киши, анын ичинде 50 аскер курман болуп, 206 адам ар кандай жаракаттарды алган.

Сайда 8 саат жаттык. Аскер маркум чек арачынын эрдигин айтып берди

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version