Site icon Reporter.kg

Чек арачы Дастан Анарбековдун сөөгү “Ата-Бейитке” коюлду

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяда каза болгон УКМКнын Чек ара аскерлигинин лейтенанты Дастан Анарбековду “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде акыркы сапарга узатуу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы баатырларча курман болгон Дастан Анарбековдун ата-энесине жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Президент реквиемдин катышуучуларына кайрылып жатып, ушул жылдын сентябрында Баткен жергесине болгон куралдуу кол салууда жашоонун даамын эми тата баштаган кырчындай жигиттерибиздин окко учушу мүлдө кыргыз элинин кабыргасын кайыштырып, кайгыга салганын белгиледи.

Садыр Жапаров кыргыз эли ар дайым бардык кошуналар менен достукту жогору баалап, пайда болгон көйгөйлөрдү сүйлөшүү жолу менен гана чечкенин баса белгиледи.

“Тилекке каршы, жакында эле коңшу өлкө Кыргызстандын жерине басып кирди. Бирок Дастандай болгон Мекени үчүн тоо болуп туруп берген жоо жүрөк кыргыз жигиттеринин татыктуу каршылыгы алардын мизин кайтарды. Туулган жердин ар бир карышын коргогон баатыр уулдарды жарык дүйнөгө алып келген энелерге, аларды өстүргөн аталарга башымды ийип таазим кылам. Дастан Анарбеков сыяктуу жоокерлердин эрдиги эч качан унутулбайт, алардын жаркын элеси кыргыз элинин жүрөгүндө сакталат!”, — деди президент.

Ал Дастан Анарбековдун ысымы Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин элеси катары элдин эсинде сакталарын баса белгиледи.

“Мекен үчүн жан берүү – эрдиктин жеткен чеги! Дастан аскердик антына бек туруп, Мекен үчүн, улуу кыргыз элинин бейпилдиги үчүн, өлкөнүн аймактык бүтүндүгү, чек арабыздын кол тийгистиги үчүн душман менен кармашып жатып шейит болду. Жаткан жери жайлуу болсун!”,- деди Президент Садыр Жапаров.

Андан ары аза күтүү музыкасынын коштоосунда Ардактуу кароолдун ротасы Дастан Анарбековдун сөөгүн буга чейин комплекске коюлган, танк экипажынын үч мүчөсү, УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери Шерали Анаркулов, Санжарбек Анаркулов жана Жаныбай уулу Тилектин жайынын жанына жерге беришти.

Ротанын аскер кызматкерлери үч жолу ок чыгарды. Президент Садыр Жапаров жана башка митинг-реквиемдин катышуучулары жоокердин жайына бир ууч топурак салышып, куран окулду.

“Достук” чек ара тозотунун башчысынын орун басары, 21 жаштагы Дастан Анарбеков Талас облусунда туулган. Ал 2022-жылдын 16-сентябрында Достук айылын коргоодо мектептин аймагында каза болгон. Чек арачынын сөөгү көпкө чейин белгисиз бойдон калып, бир катар экспертизалардан кийин гана анын өздүгү такталган.

Чек арачы Дастан Анарбеков боюнча ДНК-тест чыкты. Апасы эмне дейт?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version