Site icon Reporter.kg

Чек арада окко учкан Гүлжигит Бектеновдун ысымы спорт комплекске берилди

Ноокен районуна караштуу Достук айыл өкмөтүндө жаңы ачылган спорт комплекске Баткенде чек арада Мекенди коргоо учурунда окко учкан Гүлжигит Бектеновдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу паралменттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ачылыш аземге эл өкүлү Замирбек Мамасадыков, Ноокен райондук мамлекттик администрациясынын башчысы — аким Таалайбек Ишенбекович, Достук айыл өкмөтүнүн башчысы жана Достук айыл аймагынын тургундары катышты.

Жаңы спорт комплексине 14-15-сентябрь күндөрү Баткен облусунда каргашалуу окуяда каза болгон Достук айыл өкмөтүнүн тургуну Бектенов Гүлжигиттин наамы ыйгарылды.

Спорт комплекси айыл аймак тургундарынын ден-соолугун чыңдоо максатында курулуп, пайдаланууга берилди.

Гүлжигит Бектенов 1995-жылдын 25-февралында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылында туулган.

2013-2017-жылы аскердик академияда билим алып, 2017-жылы Баткен облусунун Лейлек районундагы Исхак Раззаков атындагы 20/21 атайын багыттагы атайын дайындалган «Бөрү» отрядынын 1-тобунун командири кызмат ордунда кызмат өтөгөн.

«Даңк» медалын алган Гүлжигит Бектенов чек арада курман болду

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

Exit mobile version