Site icon Reporter.kg

Чек арада жараат алган 137 адам ооруканада дарыланууда

Тажикстандын Кыргызстандын аймагындагы куралдуу кол салуусунда жабыркаган 137 адам Кыргызстандын ооруканаларында дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин баштапкы медициналык-санитардык жардам жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Калмаматов маалымат жыйында билдирди.

Жалпысынан 198 адам жабыркап, анын ичинен 61 бейтап амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

Жардам сурап кайрылган жабырлануучулардын жалпы санынан:

— 13 бала;

— 71 эркек;

— 14 аял.

126сы Бишкек жана Ош шаарларындагы саламаттык сактоо уюмдарына өткөрүлүп берилди:

— Улуттук госпитал — 85;

— Ош облустук бириккен ооруканасы — 16;

— Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 9;

— Улуттук хирургиялык борбор – 8;

— Тез жардам ооруканасы — 8.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version