Чек арада жарадар болгон жоокерди дарылоо үчүн Москвага алып кетишти

Чек арада жарадар болгон жоокерди дарылоо үчүн Москвага алып кетишти

Баткендеги чек ара жаңжалында омурткасына ок тийген чек ара кызматынын жоокерин дарылоо үчүн Москвага алып кетишти. Маалыматты  саламаттык сактоо министринин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова тастыктады.

“Кайсы күнү алып кеткенин билбейм! Мен бүгүн уктум. Чек ара кызматынын өзүнөн эле сурагыла да”, — деп жооп берди министрликтин коомчулук менен байланыш адиси.

Белгилей кетсек, 8-май күнү Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда үч жоокерге ок тийген.

Алардын бири сөз болуп жаткан Мирбек Султанбек уулу. Ок анын омурткасына тийген. Алгач Баткенде, экинчи жолу Бишкекке келгенде ичегисине операция жасалган. Жоокердин туугандары аны Орусиядан дарылатууну суранышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>