Site icon Reporter.kg

Чек арадагы атышуу: Ооруканага 55 адам түштү, каза болгондор бар

Бүгүн, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта каза болгондор бар, деп билдирди Саламаттык сактоо министрлиги.

“15 жаштагы өспүрүм кыз октон көз жумду. Каза болгон учурлар дагы бар, алар боюнча маалымат азыр такталууда”, — деп айтылат маалыматта.

Саат 18:00гө карата ооруканага жалпы 55 жабырлануучу жаткырылган. Анын ичинен 3 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

Алардын көбү денелеринин ар кайсы бөлүгүнө ок тийген жана жарылуудан жаракат алышкан.

Жалпы жабыркагандардын ичинен 7си аял, 5и жаш балдар.

— Баткен облустук бириккен ооруканасы — 23 жабырлануучу;

—  ЖДПБ Лейлек 22 жабырлануучу;

—  ЖДПБ Кулунду — 3 жабырлануучу,

—  Улуттук госпиталда — 3 жабырлануучу,

—  Улуттук хирургия борборунда – 1 жабырлануучу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version