Чек арадагы чырда документтери жоголгондорго көмөк көрсөтүлөт

Чек арадагы чырда документтери жоголгондорго көмөк көрсөтүлөт

Баткен облусундагы окуялардын натыйжасында документтерин жоготкон жарандардын документтери калыбына келтирилет. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдирген.

Маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы чатактын натыйжасында документтери жок кылынган, же документтерин жоготкон жарандарга көмөк көрсөтүлөт.

Өкмөт башчы билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасында болгон окуялар бир катар көйгөйлөрдү пайда кылган.

“Аталган милдеттерди ыкчам чечүү жана кырдаалды жөнгө салууну камсыздоо максатында президенттин тапшырмасы боюнча жабыркагандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүлүүдө. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматына жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда документтештирүүгө муктаж жарандардын тизмесин ыкчам тартипте түзүү тапшырылды. Бул максатта ведомство жер-жерлерде туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү жана паспорт берүү сыяктуу документтештирүү кызматын көрсөтүү үчүн тийиштүү техникалык жабдуулар менен жабдылган көчмө Калкты тейлөө борборлорун уюштурат. Ошондой эле транспорт каражатын жана айдоочулук күбөлүктү тариздөөгө да көмөк көрсөтүлөт”, — деди Улукбек Марипов.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>