Site icon Reporter.kg

Чек арадагы коррупция тууралуу айтып чыккан Талгат Аланов каза болду

Мамлекеттик чек ара кызматындагы коррупциялык иштер жөнүндө айтып чыгып, коомчулукка таанымал болгон офицер Талгат Аланов 38 жашында каза болду. Бул тууралуу маркумдун жакындары кабарлашты.

Алардын айтуусунда бүгүн, 21-июлда Талгат Аланов ооруканага жетпей каза болгон. 

2019-жылдын 27-ноябрында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын улук офицери Талгат Аланов басма сөз жыйынын өткөрүп, журналисттерге өзү иштеген мекемедеги мыйзамсыз иштер тууралуу ачык айтып чыккан. Офицердин билдирүүсү коомчулукта кызуу талкууланып, Коопсуздук кеңешинин көзөмөлүнө алынган.

Exit mobile version