Site icon Reporter.kg

Чек арадагы куралдуу кагылышта каза болгондордун саны 37ге жетти

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта каза болгондордун саны 37ге жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Буга чейин акыркы маалыматтарда 24 киши каза тапканы айтылган.

Жараат алгандардын саны 129 кишини түзөт.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, куралдуу кагылыш башталган. Чек ара кызматы кагылыштын башталышына Тажикстан тарапты айыптап, кийинчерээк Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет кылып жатканын билдирди. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болду. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылды.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Exit mobile version