Site icon Reporter.kg

Чек арадагы мушташ: Кыргыз-тажик тараптын өкүлдөрү жолукту

Бүгүн, 3-декабрда кыргыз-тажик чек арасында болгон чырдан кийин Баткен районунун Дахма участкасында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болгонун УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Жыйынга ошондой эле Ички иштер министрлигинин жана УКМКнын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын тургундарынын ортосундагы мушташуунун чоо-жайын изилдеп чыгышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундарынын ортосунда провокацияларга жана кырдаалдын курчушуна жол бербөө боюнча макулдашышты.

Мушташ фактысы ИИМдин аймактык органдары тарабынан иликтенип, мындан тышкары бул аймакка ИИМдин кошумча отряддары жиберилет.

Тараптар биргелешип чек аранын биргелешип кайтарылган участогунда кырдаалдын курчушун алдын алуу боюнча макулдашышты.

Кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандары мушташып, асманга ок атылды  

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version