Site icon Reporter.kg

Чек арадагы ок атышуу: Баткенде 15 жаштагы кыз каза болду

Баткенде тажик тарап аткан снаряддын сыныгы тийип 15 жаштагы кыргызстандык кыз каза болду. Бул тууралуу журналист Айтурган Сатиева фейсбуктагы баракчасына жазды.

Бул маалыматты кыздын атасы Малик Маннанов тастыктаган.

«Маркум кыз Лейлек районундагы Достук айылынын «Достук» орто мектебинин 9-классынын окуучусу болгон. Айылдаштары менен чогуу Бешкент айыл өкмөтүндөгү Маргун айылы көздөй качып бараткан учурда ага снаряддын сыныгы тийген», — деп жазды ал.

Саламаттык сактоо министрлиги өспүрүм кыздын өлүмү тууралуу маалыматты ырастады.

Акыркы маалыматтар боюнча чек арадагы куралдуу кагылыштан 42 адам жараат алган. Буга байланыштуу Баткенге Бишкектен үч медициналык бригада учуп кеткен.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган. Чек ара кызматы билдирүү таратып, анда «тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды», — деп билдирген.

Чек арадагы акыркы маалыматтар бул шилтемеде. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version