Site icon Reporter.kg

Чек арадагы жаңжалда жараат алгандарга 100 миң сомго чейин берилет

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жараат алгандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин кенемте төлөнөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Лейлек районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирген.

Ошондой эле Жапаров курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон берилерин, ал эми үйлөрү кыйрагандардын баарынын турак жайлары 2 айдын ичинде акысыз калыбына келтирилерин кошумчалаган.

Мамлекет башчысынын айтымында, ишке тартылган бардык мамлекеттик түзүмдөргө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз убагында тапшырмалар берилип жатат, алардын ишин координациялоону жеке өзү көзөмөлдөйт.

 

Exit mobile version