Чек арадан баңгизат алып өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын 28 жаштагы жараны кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, аталган жаран (Д.Ж.) азыраак көзөмөл жүргүзүлгөн чек ара тилкеси аркылуу Кыргызстандан Өзбекстанга баңгизаттарды ташуу боюнча канал уюштурган. Ал 1 кг «нашааны» алып өтүп жатканда кармалган.
Өзбек жаранына Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.