Site icon Reporter.kg

Чек арадан мыйзамсыз өтмөкчү болгон Өзбекстандын жараны кармалды

Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет жасаган  Өзбекстандын жараны кармалды. Чек ара кызматынынан кабарлагандай, ал көзөмөл-өткөрүү жайынан эмес башка жайдан өтүүгө аракет кылган.

Жагдайды териштерүүдө, кармалган 30 жаштагы  жарандын чыгуу визасы жок экендиги аныкталган.

Тийиштүү иш-кагаздар толтурулгандан кийин кармалган жаран ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Exit mobile version