Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет жасаган Өзбекстандын жараны кармалды. Чек ара кызматынынан кабарлагандай, ал көзөмөл-өткөрүү жайынан эмес башка жайдан өтүүгө аракет кылган.
Жагдайды териштерүүдө, кармалган 30 жаштагы жарандын чыгуу визасы жок экендиги аныкталган.
Тийиштүү иш-кагаздар толтурулгандан кийин кармалган жаран ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.