Чек арадан мыйзамсыз өткөн чет элдик жаран Бишкектен колго түштү. Бул туурасында шаардык милициянын басма-сөз кызматы билдирди.
Августтун башында 1986-жылы туулган Ж.О. атту Өзбекстандын жараны чек арадан мыйзамсыз өтүп кетти деген маалымат түшкөн. Ошондон бери милиция издей баштаган, кечээ шаардык күч органы атайын рейддин алкагында колго түшүргөн.
Учурда убактылуу кармоочу жайда. Иш тергилип жататканы айтылат маалыматта.