Site icon Reporter.kg

Чек арачылар мыйзамсыз ташылып келген 2 миллион сомдук товарды кармады

Кыргызстанга Корея Республикасынан мыйзамсыз ташылып келе жаткан атырлар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

7-июль күнү кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар” өткөрмө бекетинен казак жараны айдап бараткан «DAF XF” унаасы текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен тийиштүү эч кандай документтери жана акциздик маркасы жок жалпы суммасы 2 миллион сомдон ашуун,  126 даана атыр табылган.

Топтолгон материалдар мыйзамга ылайык каттоого алынып, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилген.

Exit mobile version