Site icon Reporter.kg

Чексиз акча которуулар! MegaPay тиркемесинде 10 өлкөнүн банк карталарын толуктаңыз

Банкка барбастан эле чет өлкөгө акча каражатын которуу зарылчылыгы жаралдыбы? ЖОЖдо окуп жаткан балаңыздын келишимдик төлөмүн төлөө, бизнес-өнөктөш менен эсептешүү, жакын адамыңызды майрамы менен куттуктоо же онлайн сатып алуулар – айтор акча которуулар үчүн себептер миң түркүн.

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору MegaPay тиркемесинде эл аралык акча которуулардын географиясы кеңейгендигин кубануу менен маалымдайт. Биз Азербайжан, Армения, Молдова жана Түркмөнстандын банк карталарын дароо толуктоо мүмкүнчүлүгүн коштук! Ошондой эле колдонуучуларга Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Украинанын банк карталарына ыкчам акча которуулар жеткиликтүү.

Колдонуучулар чет өлкөдөгү банк карталарына акча которууларды жана толуктоолорду MegaPay’де 24/7 режиминде ишке ашыра алышат. Акча каражаты алуучунун картасына ошол замат түшөт!

Азербайжан, Армения Молдова жана Түркмөнстандын банк карталарын кантип толуктоо керек?

Даяр!

Кызмат үчүн комиссия 2,5 пайызды түзөт. Азербайжанга акча которуунун минималдуу суммасы – 4900 сом, башка өлкөлөргө – 4400 сом.

MegaPay’де төмөнкүдөй акча которуулар да жеткиликтүү:

Россияга акча которуунун минималдуу суммасы 3100 сом, Казакстанга – 2000 сом.

Мындан тышкары MegaPay’де Кыргызстандын 6 банкынын эсеп, карталарын КОМИССИЯСЫЗ толуктоого болот:

* Кыргызстандын Улуттук банкынын талабына ылайык, чет өлкөлөргө акча которууларды мобилдик капчыктарын идентификациялаган колдонуучулар гана ишке ашыра ала турганын эсиңизге салабыз. Идентификациялоодон өтүү үчүн, MegaCom’дун каалаган Сатуу жана тейлөө борборлоруна кайрылсаңыз болот.

MegaPay – сиздин жашооңуздагы ишенимдүү жардамчыңыз!

Exit mobile version