Site icon Reporter.kg

Чемпиондор лигасы: Командалардын тайпадагы атаандаштары аныкталды

Монакодо Чемпиондор лигасынын 2019-2007-жылдагы тайпалык этабы үчүн чучу кулак ташталды. Бул тууралуу UEFA сайтында жарыяланды.

Мында Европанын  биринчилиги үчүн 32 команда ат салышат.

Чучу кулактын жыйынтыгы менен командалар төмөндөгүдөй тайпаларга бөлүштүрүлдү.

A: «ПСЖ», «Реал», «Брюгге», «Галатасарай».
B: «Бавария», «Тоттенхэм Хотспур», «Олимпиакос», «Црвена Звезда».
C: «Манчестер Сити», «Шахтер», «Динамо» (Загреб), «Аталанта».
D: «Ювентус», «Атлетико», «Байер», «Локомотив».
E: «Ливерпуль», «Наполи», «Зальцбург», «Генк».
F: «Барселона», «Боруссия» (Дортмунд), «Интер», «Славия».
G: «Зенит», «Бенфика», «Лион» «РБ Лейпциг».
H: «Челси», «Аякс», «Валенсия», «Лилль».

Тайпалык оюндун биринчи айлампасы 17-18-сентябрда башталып, 10-11 декбарда аяктайт.

Exit mobile version