Site icon Reporter.kg

Чемпиондор лигасы: «Реал Мадрид» ПСЖга утулду

Түндө испаниялык «Реал Мадрид» футбол клубу Чемпиондор лигасынын тайпалык оюнунда франциялык ПСЖ клубу менен ойноду. Оюн Франциянын Парк де Пренс талаасында өттү.

УЕФАнын расмий сайтындагы маалыматка караганда, ПСЖ 3:0 эсеби менен жеңишке жетти.

Эки голду катары менен франциялык команданын чабуулчусу Ди Мария Гейенин киргизген. Ал эми үчүнчү голду 91-мүнөттө, тагыраагы кошумча берилген убакытта ПСЖ командасынын коргоочусу Томас Менье киргизди.

ПСЖ кийинки оюнду 2-октябрда «Галатасарай» менен өткөрөт. Испаниялык «Реал Мадрид» футбол клубу 1-октябрда «Брюгге» клубу менен беттешет.

Exit mobile version