Чемпиондор лигасында Мохаммед Салахтын голу «Ливерпульга» жеңиш алып келген жок

Чемпиондор лигасында Мохаммед Салахтын голу «Ливерпульга» жеңиш алып келген жок

7-апрелге караган түнү футбол боюнча Чемпиондор лигасынын чейрек финалынын алгачкы оюндары өттү.

«Реал» өз үйүндө «Ливерпульду» 3:1 эсеби менен утту. Мадриддик командадан Винисиус Жуниор 2 гол, Марко Асенсио 1 гол менен айырмаланды. Англиялык клубдан жалгыз голду Мохаммед Салах киргизди.

Ошондой эле «Манчестер Сити» германиянын «Боруссия Дортмунд» командасын 2:1 менен жеңип алды. Ситиден Кевин Де Брёйне жана Фил Фоден гол менен айырмаланышты. Дортмунддук командадагы жалгыз голдун автору Марко Ройс болду.
Командалар жооптук оюнду 15-апрелге караган түнү өткөрүшөт.

Ал эми 8-апрелге караган түнкү саат 01:00дө «Бавария» — «ПСЖ» жана «Челси» — «Порту» командалары 1/4 финалдын алкагында беттешет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>