Чет өлкөдө калган 32 кыргызстандык Казакстандын жардамы менен мекенине келди

Чет өлкөдө калган 32 кыргызстандык Казакстандын жардамы менен мекенине келди

Кыргызстандын 32 жараны Индонезиядан (Бали), Таиланддан (Бангкок) жана Вьетнамдан (Ханой) Казакстандын жадамы менен учуп келишти. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Аларды алып келүү боюнча казак өкмөтү «Бангкок — Денпасар-Ханой — Усть-Каменогорск» каттамы боюнча коммерциялык чартердик рейсти уюштурушкан.

Учурда белгиленген тартипте келгендердин бардыгы медициналык мекемелеринин биринде байкоого (обсервацияга) алынды.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын, анын ичинде өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосу жана көмөгү менен кайтарып берүүнү уюштуруу боюнча иштер улантылууда.

17-апрель күнү Түркиянын Стамбул шаарынан 212 жүргүнчү учуп келген.

Буга чейин Жогорку Кеңеш чет мамлекеттерден келе албай жаткан кыргызстандыктарды өлкөгө кайтаруу үчүн  өкмөткө бир жума убакыт берген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>