Чет өлкөдө жүргөн 164 кыргызстандык мекенине кайтып келди

Чет өлкөдө жүргөн 164 кыргызстандык мекенине кайтып келди

Бүгүн, 13-июлда «Aviatraffic Company» авиакомпаниясынын Минск-Бишкек чартердик каттамы менен 164 кыргызстандык мекенине жеткирилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Аталган чартердик каттам менен Беларустагы жарандардан сырткары Австрияда, Бельгияда, Улуу Британияда, Германияда, Грецияда, Италияда, Литвада, Польшада, Украинада, Францияда, Филиппинде, Францияда, Норвегияда, Швейцарияда, Швецияда, Түштүк Африкада окуган студенттер да келген.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери 60ка жакын өлкөдөн келе албай калган 20 миңден ашуун кыргызстандык жаран мекенине жеткирилген. Алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан алып келинген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>