Чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанга аэропорт аркылуу келүүсүнө уруксат берилди

Чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанга аэропорт аркылуу келүүсүнө уруксат берилди

Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргызстанга аэропорт аркылуу келүүсүнө уруксат берилди. Бул тууралуу штабдан кабарлашты.

2020-жылдын 4-декабрында, Өкмөт  «Манас», «Ош», «Ысык-Көл» эл аралык аэропортторунун өткөрмө посттору аркылуу келген чет мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды өлкөгө кабыл алууну жандандыруу жөнүндө чечим кабыл алды.

Мындан улам, 4-декабрдан тартып, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар өлкөгө, Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген тартипте үзгүлтүксүз учуулар менен келе алышат.

Тышкы иштер министрлиги чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар Кыргызстанга учуп бара жаткан учактын бортуна,  акыркы 72 саат (3 күн)  ичинде  жүргүзүлгөн ПЦР изилдөөсүнүн терс натыйжаларын көрсөткөндөн кийин киргизилерин эскертет.

Келгенден кийин санитардык-карантиндик пункттардын кызматкерлери борттогу жүргүнчүлөрдүн ПЦР изилдөөсүнүн жыйынтыгын жана дене табын текшеришет.

Эгерде, учуунун узактыгына же учуунун кечигишине байланыштуу объективдүү себептерден улам ПЦР изилдөөнүн (72 саат) мөөнөтү аяктаса, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар келген жеринде ПЦР изилдөөдөн  өтүшү керек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>