Чет өлкөлөрдө жүргөн 159 кыргызстандык Бишкекке кайтып келди

Чет өлкөлөрдө жүргөн 159 кыргызстандык Бишкекке кайтып келди

Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жүгөн 159 кыргызстандык Дубай-Бишкек багытындагы чартердик каттам менен мекенине кайтып келишти. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Кайтып келгендер АКШ, Канада, Улуу Британия, Ооганстан, Египет, Вьетнам, Япония, Түштүк корея, Мальдив жана Бахрейнде жүргөн мекендештер болгон.

Жүргүнчүлөр Дубай шаарындагы аэропортто учар алдында коронавируска экспресс-тест тапшырышып,жыйынтыктары таза чыккан.

Дубай-Бишкек багыты боюнча кийинки каттамдар 24-июлга жана 31-июлга пландаштырылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>