Site icon Reporter.kg

Мыйзамдаштырылган унаанын ээси аны башкага айдаганга берсе, айыпка жыгуу сунушталууда

Кыргызстанда чет элдик номерлүү унаалар мыйзамдаштырылгандан кийин анын ээсине темир тулпарды башка адамга айдаганга бергенге тыюу салуу пландалууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Ички иштер министрлиги даярдап, ал коомдук талкууга чыгарылды.

ИИМ президенттин жарлыгынын негизинде өлкөгө ташылып келген чет өлкөлүк номерлүү унаалар мыйзамдаштырыла турганын, аталган өнөктүк аяктагандан кийин айрым жарандар пайда табуу максатында жана азыркыдай мыйзамдаштырууга уруксат берилет деген ой менен чет элдик номерлүү темир тулпарларды алып келиши мүмкүн экенин белгилейт. Мындан улам министрлик ага бөгөт коюу жана мыйзамдаштырылган унааны ээси гана колдонушу үчүн Укук бузуулар кодексине тиешелүү нормаларды киргизүүнү демилгеледи.

ИИМдин сунушу боюнча, аталган унаалар мыйзамдаштырылгандан соң каттоо күбөлүгү (техпаспорт) боюнча темир тулпардын ээси болбогон жаран аны айдаганы аныкталса, ал унааны башкаруудан четттилет, башкача айтканда, унаанын ээсинен башкасына аны айдоого уруксат берилбейт.

Каттоо күбөлүгүндө ээси башка да, айдаган киши башка болсо, анда рулга отурган адамга 1 миң сом айып салуу каралууда. Ошондой эле башка бирөөгө унаасын берген темир тулпардын ээси да 1 миң сом айыпка жыгылат деген норма сунушталууда.

ИИМдин бул демилгеси коомдук талкууга гана чыгарылды. Мыйзам кабыл алына элек.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда чет элдик, анын ичинде Армения жана Абхазиянын номерлери тагылган унааларды мыйзамдаштыруу өнөктүгү 1-мартта башталып, 31-августта аяктайт. Мыйзамдаштыруу үч багыт боюнча жүрөт. Биринчиси боюнча тиешелүү документтери барлар, экинчи боюнча документтери жок, бирок техникалык абалы жакшы унаалар мыйзамдаштырылат. Үчүнчүлөргө документтери жок жана техникалык абалы начар унаалар кирет. Алардын ээлерине темир тулпарды тетикке бөлүүгө, өлкөдөн чыгарып кетүүгө уруксат берилет.

Сата албайт, өзү гана колдонот. Чет элдик номер тагылган унааларды мыйзамдаштыруу 1-мартта башталат

Exit mobile version