Site icon Reporter.kg

Студенттердин алтындарын, айфондорун тартып алышкан. Ректорлор кайрылуу жасады

Бишкектеги жогорку окуу жайлардын ректорлору маалымат жыйын өткөрдү. Анда Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын жетекчиси Индира Кудайбергенова студенттер 18-май түнү коркуп, айрымдары дааратканада жашынып олтуруп таң атырганын айтышты.

«Биз ал күнү дароо студенттер менен байланышып, жатаканаларды көзөмөлгө алдык. Окутуучулар, ыктыярчы өздөрү чыгып имаратты курчашты. Милиция келип, УКМКнын кызматкерлери чалып, абалды сурап жатышты», — дейт ал.

Ал чет элдик студенттер биринчи курста эле кыргыз тилин, кыргыз маданиятын үйрөнүүгө аракет кыларын айтып, чет элдик студенттерге аяр мамиле кылууга чакырды.

«Чет элдик студенттердин келгени биз үчүн аброй. Демек биздин окутуучулар мыкты жана биздин университеттер, билим берүү тутуму купулга толот. Биз алардын эсебинен көп пайда көрөбүз. Алардан түшкөн акчага имараттарды куруп, керектүү жабдууларды сатып алабыз. Алар келбей калса, биз өзүбүздүн студенттерге шарт түзө албай калабыз», — дейт Индира Кудайбергенова.

Эл аралык университеттин ректору Асылбек Айдаралиев өткөн окуяны «атайын пландалган акция» деп атады. Анын айтымында, алардын жатаканасына 18-май түнү саат 01.00де жергиликтүү жарандар машина менен келип, топтоло баштаган. «Айрымдары мас болчу», — дейт жетекчи.

«Бизде хостел эмес, 600 адам бата турган чоң жатакана. Алар бул жерде чет элдиктер көп экенин, аларда акчасы бар деп ойлоп, кол салышты. Имараттын арт жагынан кирип, айнектерди сындырып, эшикти бузуп киришти. Студенттердин алтындарын, айфондорун тартып алышкан. Милиция ошол жерде туруп, чара көргөн эмес», — дейт ректор.

Асылбек Айдаралиев чет өлкөдө Бишкекте болгон окуя бурмаланып  чагылдырып жатканын белгиледи.

«Студенттер азыр стресс абалда, окуй алышпайт. Көбүнчө 1-2-курсттардын студенттери мекенине кайтып кетип жатат. Аларды күч менен кармап кала албайбыз. Жогорку курсттаргылар калды. Анткени алар сынактарын тапшырышы зарыл», — дейт ал.

И. Арабаев атындагы университеттин ректору Айгүл Абдраева учурда чет элдик студенттерди жергиликтүү жаштар карап, аларды көчөдө коштоп жүрүп жатканын белгиледи.

Университеттин жетекчилери чет өлкөнүн жарандарын тартуу үчүн 20-30-жылдык жумуш жасалганын белгилешти.

Билим берүү министринин орун басары Расул Авазбек уулу чет элдик студенттер бир аптага онлайн окууга өткөрөрүн билдирди. Анын айтымында, студенттердин коопсуздугун камсыздоо үчүн ушул жана башка чаралар көрүлдү.

Өлкөдө 28 миң чет элдик студент бар.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн өкмөттө жыйын өткөрүп, чет элдик студенттердин чыгымдары төлөнүп берелерин айтты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version