Site icon Reporter.kg

Чет өлкөдө абакта жаткан 43 жаран мекенине которулат

Жыл башынан бери 32 жаран чет өлкөдөгү абактан Кыргызстанга которулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Орусиядан — 29 жаран, Казакстандан — 2, Тажикстандан бирөө которулуп, жаза мөөнөтүн мекенинде өтөөдө.

Дагы 43 кыргыз жараны экстрадицияны күтүүдө. Алардын 40ы Орусия абагында, үчөө Казакстанда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version