“Манас айылы” тарыхый этнографиялык комплексинин мурдагы директору Дөөлөт Сыдыков өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.
“Арыбаңыздар, мен үчүн тынчсызданып калыс пикир айткан адамдарга ыраазычылык билдирем.
Мен өлкөдөн үй- бүлөмдүн жана өзүмдүн коопсуздугум үчүн кетүүнү чечтим. Мен ишенбейм, сөз башка, иш башка болду.
Мамлекеттик каналдардын баарынан жамандаттырып жок жалааны жаппаңыз Садыр аба. Эртең каралоолор үчүн сиз баштап жооп берчү күн келет. Кепти башкага бурумуш болуп ЖЕРДИ унуттурам дебегиле. Манастын жери Манаска эле калсын дегеним үчүн болуп жатат ушунун баары. Эрбол Султанбаев сен билесиң баарын, уккансың! Мен жан тартып канча нерсе айттым, уктунарбы? Жок, анан кайра айттыңар го башка жерге эле сала бергиле да деп. Президент чакырса келбей койду дейт. Мен бир жылдан ашык убакытта конкурстун негизинде даярдаган долбоорду жокко чыгарып бир түндө ар кайсы жерден алып чийип койгон долбоорду колдоп, калган жерди ала бергиле дегени бармак белем. «Семетей» киносунун жабык көрсөткөндө барган 31 киши ( Манас аткаруучулар, жазуучулар, окумуштуулар, режиссёрлор ж.б) жок дебестир президенттин айтканын: Дөөлөт Сыдыков барбы, Манастын айылын ыйык дебесин, шаманизмин токтотсун. Манастын айылын, Байтик тарапка көчүрөбүз деген сөзүн дагы танабы?
Марат Турсунбеков, Нургалы Асаналиев, Асылбек уулу Дамирбектер МЫЙЗАМСЫЗ Манастын айылын эмнеге талкалап киргенде көрмөксөн болуп коёт. Эми эле көчүрбөй калдык деп башканы сүйлөп отурат. Ал жакшы, эми жери кемип кетпей Манас ааламына татыктуу имарат туруш керек деген эле тилектемин. Ийгилик каалайм, татыктуу салынсын.
Дагы бир жолу айтып коёюн, жок нерсени чыгарып, калп каралаганды токтоткула!»- деп жазган.
Буга чейин «Манас айылы» комплексин жаңылоо боюнча долбоордон чыр чыккан. Сыдыков коркутуулардан улам Кыргызстанды таштай качканын билдирген болчу.