Site icon Reporter.kg

Чет өлкөгө ишке орноштуруучу «Евро Хантер» компаниясынын иши токтотулду

Жарандардын даттануусунан кийин «Евро Хантер» компаниясынын иши токтотулду. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

Ишкана «Жаранды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө» жобонун нормаларын бузган.

Ага  учурдагы маселелерди чечип, катталган кардарлардын алдындагы милдеттенмелерди аткармайынча иш алып барууга тыюу салынды.

Андан сырткары, кардарларына акча каражаттарын кайтарып берүү талабы коюлду.

Exit mobile version