Site icon Reporter.kg

Чет өлкөлүк 313 жаран «Мекен карт» алган. Бул документ аларга кандай укуктарды берет?

Ушул убакка чейин 313 чет элдикке «Мекен карты», башкача айтканда чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендеш макамы берилген. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Бул макамды алган чет өлкөлүктөр Кыргызстанда бир катар укуктарга ээ болушат.

Маалыматка ылайык, «Мекен Карт» долбоору 2023-жылдын 13-мартында ишке кирген. Андан бери жалпы 361 арыз кабыл алынып, анын ичинен 9 арыз четке кагылган.

«Мекен картты» алууга Кыргызстан менен чектеш мамлекеттердин жарандарын кошпогондо, мурда Кыргызстандын жарандыгын алган чет өлкөлүк жарандар, алардын балдары жана неберелери укуктуу.

“Мекен Карт” ээлери төмөнкү бир катар жеңилдиктерди алышат:

Аталган документтин жарактуу мөөнөтү 10 жыл. Арыздарды кароо жалпы тартипте 3 айга чейин жана жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте 1,5 айга чейин созулат (эгерде Кыргызстандын жарандыгынан чыгуу алты айдан ашпаган убакыт мурун болсо).

2023-жылдан 2025-жылдын 1-майына чейин төмөнкү өлкөлөрдүн жарандарына «Мекен карт» берилген:
• Орусия – өтүнмө 217, 190 берилген
• Түркменстан – өтүнмө 28, 22 берилген
• Германия – өтүнмө 62, 51 берилген
• Австрия – өтүнмө 9, 9 берилген
• Беларусь – өтүнмө 1, 1 берилген
• Түркия – өтүнмө 2, 2 берилген
• Иордания – өтүнмө 2, 2 берилген
• АКШ – өтүнмө 2, 2 берилген
• Корея – өтүнмө 17, 17 берилген
• Украина – өтүнмө 10, 10 берилген
• Швеция – өтүнмө 2, 1 берилген
• Нидерланд – өтүнмө 1, 1 берилген
• Малайзия – өтүнмө 2, 2 берилген
• Нигер Республикасы – өтүнмө 1, 1 берилген
• Жапония – өтүнмө 1, 1 берилген
• Улуу Британия – өтүнмө 1, 1 берилген
• Йемен – өтүнмө 1

Exit mobile version