Чет жактан келген акчалар кайда жумшалган? – Өкмөттүн түшүндүрмөсү

Чет жактан келген акчалар кайда жумшалган? – Өкмөттүн түшүндүрмөсү

Бүгүнкү күнгө карата макулдашылган 627 млн доллар финансы каражатынан 51%ы же 321 млн доллары келип түштү, ал эми калган суммасы азырынча түшө элек. Алардын ичинен 166 млн доллары өлкөнүн бюджетине грант катары түшсө, 461 млн доллары жеңилдетилген насыялоо шартында келүүдө. Бул тууралуу вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, чыгашалардын эки негизги багыты бар – бул бюджет чыгымдарын жабуу жана коронавируска каршы күрөшүү.

171 млн доллар айлык акыларды төлөөгө жана ММКФны трансферлерине багытталган. Бул сумманын 80%ы корголгон беренелерди каржылоого жумшалды.

Дүйнөлүк банктын 2,2 млн доллар медицина каражаттарын сатып алууга колдонулду. Бардык тендерлер Дүйнөлүк банктын көзөмөлү алдында жана алардын макулдугу менен өткөрүлүүдө.

3 млн доллар  сатып алууга жумшалган.

1,3 млн доллар ӨА режими учурунда гумжардам көрсөтүүгө сарпталган.

“Өлкөгө келип жаткан каржылык жана гуманитардык жардам жөнүндө кеңири маалыматты Өкмөттүн сайтынан таба аласыз. Маалымат жума сайын жаңыланып турат”, — деп белгиледи ал.

Белгилей кетсек, соңку күндөрү коомчулукта нааразы пикирлер күч алып, чет өлкөдөн гранд катары келген акча каражаттары тууралуу бийликтен ачык маалымат талап кылган билдирүүлөр айтылууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>