Site icon Reporter.kg

Депутат: «Чоң-Алайда үй курганга жер жок, бир үйдө үч үй-бүлө жашайт»

Чоң-Алай районунда үй курганга жер жок, бир тамда 3 үй-бүлө жашап жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 25-февралдагы отурумунда депутат Аккулу Бердиев билдирди.

Анын айтымында, 1992-жылдан бери Чоң-Алай өрөөнүндө жерлер трансформациядан өтө элек.

“Чоң-Алайдагы кең талаадагы жердин баасы Чүй облусундагыдай кымбаттап кетти. Бир үйдө 3 үй-бүлө жашайт. Балдарына үй салганга жер жок. Райондо үч айыл өкмөтү бар. Ар бир айыл өкмөттөн 200 гектар жерди тезинен трансформациялоо керек. Ал жерде жаштарды айылда алып калуу үчүн мектеп, ооруканалардан бери салыш керек”, — деди Бердиев.

Exit mobile version