Чоң-Алайда турак үй толугу менен күйүп кетти

Чоң-Алайда турак үй толугу менен күйүп кетти

Ош облусуна  караштуу Чоң-Алай районундагы Доорат-Коргон айылында  аянты 96 чарчы метрге жеткен турак үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматта айтылгандай, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Ал эми өрттүн келип чыгуу себептери  такталып жаткандыгы айтылат.

Кошумчалай кетсек, акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 6 бөлүм жөнөтүлгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>