Ош облусунун Чоң-Алай районунда турак үй толук күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 23-августта Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылындагы үйдөн мештин туура эмес орнотулган түтүн чыгуучу тешигинен улам өрт чыккан. Тилсиз жоо жалпы үйдү каптап, турак жай толук күйүп кеткен.
[su_image_carousel source=»media: 38838,38839,38840″ crop=»none» autoplay=»4″]