Чоң-Алайдын акиминен коронавирус табылды

Чоң-Алайдын акиминен коронавирус табылды

Чоң-Алай районунун акими Жумадилла Жапаровдон коронавирус табылды. Бул тууралуу өздүк булактарына таянуу менен «Турмуш» басылмасы жазып чыкты.

Ага ылайык, акимдин илдетти жуктуруп алганы 24-июнда белгилүү болгон. Бул күнү Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясында эмгектенген кызматкерлердин баары ПЧР-анализ тапшырышкан.

Анын жыйынтыгында Жумадилла Жапаров коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон. 

Бул маалыматты акимияттын администрациясы да тастыктап, учурда ал жерде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатканын, аким илдетти кайдан жуктуруп алганы белгисиз экенин айтышкан.

Учурда алар үй карантинине чыгарылып, үйүндө шарты жоктор обсервацияга алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>