Чоң Чүй каналына 18 жашар бала чөгүп кетти

Чоң Чүй каналына 18 жашар бала чөгүп кетти

Бишкектин Свердлов районунун аймагындагы Чоң Чүй каналына 18 жашар бала чөгүп кетти. Бул тууралу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, окуя 31-май күнү саат 17:18де болгон.

Куткаруучулар окуя болгон жерге барып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Белгилей кетсек, 31-май күнү Аламүдүн районундагы ГЭС-5 айылындагы көлмөгө 19 жаштагы бала чөгүп каза болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>