Site icon Reporter.kg

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен адам изделүүдө

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен адам изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-июль күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Патриса Лумумбы көчөсү аркылуу өткөн Чоң Чүй каналына 1976-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен.

Куткаруучулардын 6 күн жүргүзгөн издөө иштери натыйжа берген эмес. Бүгүн да издөө иштери улантылат.

Exit mobile version