Чоң Чүй каналынан куткаруучулар дайынсыз жоголгон адамды издешүүдө

Чоң Чүй каналынан куткаруучулар дайынсыз жоголгон адамды издешүүдө

Чоң Чүй каналынан куткаруучулар дайынсыз жоголгон адамды издешүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 1972-жылы туулган тургуну 7-февралынан тартып, дайынсыз жоголгон.

Ал адамдын бут кийими каналдын боюнан табылгандыгына байланыштуу, туугандары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Чоң-Чүй каналын бойлоп издеп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Учурда аталган адамды издөө иштери жүрүүдө, бүгүн, 16-февралда да уланат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>