Чоң-Кеминде илбирсти коргоого арналган акция өттү

Чоң-Кеминде илбирсти коргоого арналган акция өттү

Бүгүн, 23-октябрь – Эл аралык илбирс күнүнө карата Чоң-Кемин паркынын аймагында акция уюштурулду. Бул тууралуу Германиянын жаратылышты коргоо бирикмесинен (NABU) кабарлашты.

“Биз баарыбыз бирге илбирсти сактоо үчүн ” – экологиялык акциясына парктын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Акция паркты тазалоо иштери жана Кыргызстандын бийик тоолорун ээлеген илбирсти жана башка жапайы жаныбарларды сактоого чакыруу менен аяктады.

Акциянын катышуучусу, “Чоң Кемин” мамлекеттик паркынын илимий кызматкери Таалай Кожомкуловдун айтымында  парк 1997-жылы Чоң-Кемин өрөөнүндө ачылган.

Парк түзүлгөндөн тарта эле биоартүрдүүлүктү сактоо боюнча ар тараптуу иштер аткарылып келет.

Парктын аймагында жаныбарлардын 200дөн ашык түрү, анын ичинде  Кызыл Китепке кирген 4 түрү – илбирс, аюу, сүлөөсүн жана марал байырлайт.

NABU уюмунун  адиси Жолдош Чуңгулов, жаратылыш парктарын тазалоо жана жаныбарларды сактоого чакыруу акциялары жыл сайын өткөрүлүп келерин, бул саалмалыкка жарандар дагы жоопкерчилик менен мамиле жасай баштаганын белгилеп өттү.

[su_image_carousel source=»media: 45542,45543,45544″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>