Site icon Reporter.kg

Чолпон-Ата шаарына «ШКУнун туристтик жана маданий борбору 2025–2026» макамы ыйгарылды

Чолпон-Ата шаарына «ШКУнун туристтик жана маданий борбору – 2025–2026» макамы ыйгарылды. Мындай чечим бүгүн, 7-июлда Кытайдын Циндао шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 22-жыйында кабыл алынды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Иш-чара маданият тармагындагы кызматташууну мындан ары чыңдоо максатында уюштурулган. Ага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышкан.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар ШКУнун алкагында маданият жана искусство жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин карашкан.

Ошондой эле маданият жаатындагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты улантууга, маданий ар түрдүүлүктү урматтоого, ШКУга мүчө бардык элдердин ортосунда өз ара түшүнүшүү жана достукту чыңдоого даяр экенин билдиришкен.

Иш-чаранын жыйынтыгында ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 22-жыйынынын Протоколуна кол коюлуп, Чолпон-Ата шаарына «ШКУнун туристтик жана маданий борбору – 2025–2026» макамын ыйгаруу чечимин кабыл алуу макулдашылган.

Exit mobile version