Site icon Reporter.kg

Чолпон-Ата шаарында өрттөн бир адам каза болду

пожар

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өрттөн бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Батирден өрт чыкканы тууралуу маалымат нөөмөт бөлүмүнө саат 18.35те түшкөн. Өрт саат 20.15те толук өчүрүлгөн.

Аянты 50 чарчы метр болгон батир күйүп, 1958-жылы туулган адам каза болгон.

Өрттүн келип чыгуусуна электр зымдарынын кыска туташуусу себеп болгон.

Exit mobile version