Site icon Reporter.kg

Чолпон-Ата шаарынын мэри алмашты

Ормонов Жапарбек Туратович Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов кол койду.

Акимдин башка буйругу менен Бердибек Иманбеков Чолпон-Ата шаарынын мэри кызматынан бошотулду.

Жапарбек Ормонов 1973-жылы 23-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районундагы Лангар айылында туулган. Жогорку билимдүү.

1997-жылы Ош технологиялык университетин «жүк ташууну уюштуруу жана транспортту башкаруу» адистиги боюнча билим алган. Экономика илимдеринин кандидаты.

Ал буга чейин 2014-2015-жылдары Ош шаарынын вице-мэри, 2016-жылы Ош шаардык кеңештин төрагасы кызматын аркалаган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version