Site icon Reporter.kg

Чолпон-Ата жана Ошто Нооруз майрамына арналган ат оюндары өтөт

16-марттан 21-мартка чейин Чолпон-Ата жана Ош шаарларында Нооруз элдик майрамына арналган ат оюндары өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көк бөрү, эр эңиш, салбуурун жана ат чабыштын түрлөрү боюнча мелдештер өтөт.

Оюндар республиканын бардык аймактарында спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана мыкты командаларды, спортчуларды тандоо максатында өткөрүлүп жатканы айтылды.

Ат оюндар Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда жана “Төлөйкөн” ат майданында орун алат.

Чолпон-Ата шаарында өтө турган мелдештердин программасы менен шилтеме аркылуу таанышсаңыздар болот.

Exit mobile version