Site icon Reporter.kg

Чолпон-Атада 3-майда туристтик сезондун ачылышы өтөт

3-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайкы туристтик сезондун расмий ачылышы өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Иш-чаранын алкагында салттуу түрдө күндүн биринчи иш-чарасы катары «Run the Silk Road – ШКУ» аттуу эл аралык Ысык-Көл марафону өткөрүлөт. Ар кандай аралыкка чуркоо саат 08:00дө башталып, түшкө чейин уланат.

Саат 11:00дө ипподромдун кире беришинде Кыргызстандын туроператорлору, мейманканалары жана пансионаттары катышкан көлөмдүү туристтик жарманке башталат. Келүүчүлөр туристтик маршруттар боюнча маалымат алып, туристтик жолдомолор жана жаңы катерде сейилдөө сыяктуу байгелер ойнотулган лотереяларга катыша алышат. Ошондой эле, боз үйлөр орнотулган этнографиялык аймак, фуд-корт, сувенир жасоо боюнча мастер-класстар, интерактивдүү зоналар жана балдар үчүн көңүл ачуулар уюштурулат. Көргөзмө жана көңүл ачуучу аянтчалар 18:00гө чейин ачык болот.

Саат 15:00дө өкмөт башчынын Кубогу үчүн ат чабыштар өтүп, ага улуттук ат оюндарын кошкон бир катар мелдештер коштолот. Майрамдык программа саат 19:00дө белгилүү эстрада жылдыздары катышкан гала-концерт менен жыйынтыкталат.

Күндүн маанилүү бөлүктөрүнүн бири — «Туризм 2030: Борбордук Азия – бирдиктүү туристтик мейкиндик» аттуу Эл аралык туристтик форум болуп саналат. Ал саат 12:00дө башталып, ага туристтик сектордун өкүлдөрү, ишкер чөйрөлөр жана дипломатиялык миссиялар катышат.

Exit mobile version